Өзгөн милициясы кылмыштын изи сууй электе тоноочуну кармады. HD
Өзгөн милициясы кылмыштын изи сууй электе тоноочуну кармады. 2019-жылдын 15-май күнү Өзгөн шаарынын Кошиев көчөсундө белгисиз жаран Өзгөн районунун Куршаб айылынын тургуну 1959-жылы туулган У.Эге карата күч колдонуп чөнтөгүндөгү уюлдук телефонун жана акчасын тартып алып изин жашыргандыгы боюнча аталган көчөдө коомдук тартипти көзөмөлдөп жүрүшкөн милиция кызматкерлерине кайрылган. Кылмыштын изи сууй электе милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү кармалып, далил буюм катары жабырлануучунун «Плей» үлгүсүндөгү уюлдук телефону жана чөнтөгүндөгү акчанын үчтөн бири алынган. Кылмышка шектүүнүн өздүгү аныкталып,Өзгөн районунун Төрт-Көл а/а Бостон айылынын 1987-жылы туулган Ж.А. кармалып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш жаза Кодексинин 201-беренесиндеги (тоноо) кылмыш белгилери боюнча сотко чейинки өндүрүшкө алынып тергөө иштери жүргүзүлүүдө. Ош ОИИБдин басма сөз кызматы.