Издөөдөгү Шаикова тууралуу тасма тарады. Россияда кыргыздар катышкан мушташ болду

08.10.2019
1. Россиянын Новосибирск шаарындагы базарда кыргыз жарандары катышкан мушташ болду. Окуянын тасмасын «Вести» каналы көрсөткөн. 2. Түндө Жалал-Абддын Кочкор-Ата шаарындагы борбордук базар өрттөндү. ӨКМден кабарлашкандай, тилсиз жоо саат кечки 9дарда чектөөгө алынган. 3. Бишкекте эки автоунаа кагышып, анын бири күйүп кетти. Бул туурасында видеону Айгерим Болот аттуу интернет колдонуучу Facebook тармагына жарыялады. 4. Интернетке “Инфоком” мамлекеттик ишканасынын мурдагы директору Талант Абдуллаевге түспөлдөш адамдын Мамкатоонун экс-төрайымы Алина Шаикованын мыйзамсыз иштери боюнча айткан тасма тарады. 5. Кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулгандыгы боюнча кылмыш иши тергелип бүтүп, сотко өткөн.

Похожие видео