Футбол. Австралия-Кыргызстан курама командаларынын беттешүүсү
Бишкекте өткөн футбол матчы, азырга чейин кызуу талкууланууда. Австралия менен Кыргызстандын беттешүүсү, 2-1 эсебинде, коноктордун жеңиши менен аяктады. Бирок, биздин футболчулар жеңилгени менен, кыргызстандык күйөрмандар, бул оюн жеңишке тете болгонун айтышууда. Австралиялык оюнчулар дагы, кыргыз футболчуларынын чеберчилигин жогору баалап, макташууда. Кыргызстандын курама командасы толугу менен берилип, болгон күч-аракетин аябастан ойношконуна бардыгы күбө болушту. Бул пикирге, Австралиянын курама командасынын машыктыруучусу дагы кошулду. Анге Постекоглу айткандай, Кыргызстандын футболчулары, ФИФАнын рейтингинде 177-орунда турганы - жаңылыштык. Силердин команда, кыйла жогорку орунга татыктуу, дейт Австралия курамасынын машыктыруучусу.
Похожие видео
Показать еще