Текебаевдин кызы Ай-Данэк Таласта катуу сүйлөдү HD
Урматтуу мекендештер, партиялаштар, достор! 751-жылы Таласта Араб халифаты менен Тан империясынын армиялары беттешкен. Бул беттешүү тарыхта “Талас согушу” деген ат менен белгилүү. Согуштун жыйынтыгы Борбордук Азиянын цивилизациялык өнүгүү багытын аныктаган. Бул кагылышуу цивилизациялардын кагылышы болгон. Бирок, мен бугун башка беттешүү жөнүндө айткым келет. Ал да Таласта болгон. Ал да эки көз караштын, эки позициянын кагылышы болгон. Мен анда 13 жашта элем. 2010-жылы 6-апрелде таластыктар үй-бүлөлүк-кландык режимге каршы көтөрүлдү. Таластык азаматтар намыс , адилеттуулук учун туруп беришти. Ал көтөрүлүштүн башында мен сыйлаган Болот Шер, Шералы Абдылдаев, Койсун Курманалиева баш болгон “атамекенчилер” болушкан. Эгерде, ошол күнү таластыктар көтөрүлүп, аягына чейин турбаса, Кыргызстанда 7-апрелдеги революция дагы болмок эмес. 751-жылы Таластагы окуя Борбордук Азиянын цивилизациялык өнүгүү багытын аныктагандай эле, 2010-жылкы Таластагы окуялар да Кыргызстандын андан ары өнүгүү багытын аныктады. Ошондон бери “Таластын баатыр элин, керемет жерин көрсөм” деп эңсеп келгем. Бүгүн Таласта “Ата Мекендин” конференциясы болоорун угуп, атайын келдим. Бул менин Таласка биринчи келишим . Урматтуу таластык туугандар ! Сиздерди көргөнүмө абдан кубанычтамын жана сыймыктанып турам. Атам айтып калат: “Ата Мекен” партиясынын тарыхындагы экинчи толкун 2007 - жылы Таластан башталган. Болот Шердин демилгеси менен Таласта жети областан партийнын окулдору жыйналып, Таластан Желек көтөрүлүп, Манас деп ураан чакырылып, Кыргызстанга тарап кетишкен. Бул “Ата Мекен” партиясындагы экинчи толкун болгон” деп. Мен ойлойм, “Ата Мекен” партиясынын үчүнчү толкуну да так ушул Таластан башталат. Анткени, Таласта баатыр бабабыз Манастын урпактары жашашат. Таластыктар Манас атанын мурастарын туу тутуп сактап келген, духу күчтүү эл. Биз эли бай, мамлекети күчтүү, бийлиги адилеттүү Кыргызстан курабыз деп ишенем! Таластык туугандарга ийгилик каалайм! Мы показываем то, о чем другие молчат. Узнай правду вместе с нами! Подписывайтесь на наш канал!