МОМБЕКОВ МЕНЕН БОРОНОВ КАТУУ АЙТЫША КЕТИШТИ HD

19.12.2018
Рыскелди Момбеков өкмөттү долбоордогу так суммалар боюнча депутаттар берген суроолорго жооп бере албай жатасыңар деп кыжырланды. Ал: “Коопсуз долбоор эмес эле коопту долбоор, коопту адамдар аралашкан долбоор”, -деп атады. “Конкреттүү эмес эле коммерциялык долбоор болуп калды. Дастан Артисбековичтин жоопсуз калып кеткен суроосун кайталайын. Силер азыр бюджетке беш жылда 5 млрд сом түшөт деп айтып жатасыңар. Муну кайсы далилге таянып айттыңар. Бул деген бүгүн турмушка чыккан кызды, бүгүн же эртен төрө дегендей эле кеп”, -деди эл өкүлү. Депутат менен биринчи вице-премьер-министрдин айтышы долбоордогу камералардын суммасынан улам чыкты. Рыскелди Момбеков кайра- кайра тактоочу суроолорду бере берип, жыйынтыгында экөө кыйкырыша кетишти #КалысМедиа, #Кыргызстан, #Жанылыктар

Похожие видео

Показать еще