Төкмө акындар Баян Акматов менен Асылбек Маратов Ак калпак күнү менен кыргыз элин куттукташты HD
Бүгүн, 5-мартта Бишкектин "Ала-Тоо" аянтында Ак калпак күнүнө карата өткөн маданий иш-чарада төкмө акындар Баян Акматов менен Асылбек Маратов кыргыз журтун Ак калпак күнү менен куттукташты. Асмандан жарык көрсөң, жылдыз деп бил, Ак калпак кийгендерди кыргыз деп бил! Ооба. Ала-Тоосу асман тиреген, кылым карыткан, миң жылдык акыл парасаты бар, руханий дүйнөсү көлдөй терең, жайыл дастаркон “КЫРГЫЗ” элибиздин кыргыз экендигин далилдеген эң башкы мурастарынын бири-“Калпак”.