Бишкекте пенсионерлер флеш-мобго чыкты

06.04.2015
Бишкекте бүгүн 200 чамалуу пенсионер “Карылар үчүн дене тарбия” аттуу флеш-мобго катышты. Эл аралык Helpage кайрымдуулук уюму жана Кызыл жарым ай коомунун демилгеси менен уюштурулган маданий иш-чара Тарых музейинин алдында болду. Акцияга чыккан улгайган кишилердин канындагы шекердин өлчөмү, кан басымы текшерилип, медициналык жардам берүү ыкмалары көрсөтүлдү. Флеш-моб 7-апрель - Дүйнөлүк ден соолук күнүнө карата уюштурулду. Маалыматтарга караганда, учурда дүйнөдө алтымыш жаштан улуу 868 миллион адам бар. 2050-жылга чейин бул сан 2 миллиардга жетери божомолдонууда.

Похожие видео

Показать еще