Бишкекте коррупцияга каршы флеш-моб өттү
Кыргызстан “Коррупциянын чынжырын үз” аттуу эл аралык акцияга кошулууда. 9-декабрь – Коррупцияга каршы күрөшүү күнүнө карата бүгүн Бишкектеги эски аянтта улуттук “Ак терек, көк терек” оюнунун коштоосунда флеш-моб уюштурулду. Ага Жогорку Кеңештеги жаш депутаттар, студенттер катышты. Алар оюн аркылуу жемкорлукка каршы экендиктерин көрсөтүштү. Депутаттар “Мен пара албайм жана пара бербейм!” деп расмий билдирүү жасашты. Иш-чараны БУУнун өнүгүү программасынын колдоосунда өкмөттүк аппарат өткөрөт. Акцияга баргандарга “Коррупциянын чынжырын үз!” деген жазуусу бар төш белги берилет. Өнөктүк Юридикалык академия менен Улуттук кардиология борборунда да уюштурулат.