Россия арагы Казакстанда эмне кылууда? HD

20.12.2014
Россия арагы Казакстанда эмне кылууда? Россия Федерациясын адамдар ден соолугу жана керектөөчүлөр укугун коргоо федерал кызматын маалымат беришинче Казакстан территориясында Россия маркаларында болгон арак жана пиваларды сатууга болгон чектөө алып ташталды. Мекеменин маалыматына караганда мындай чечим Россия федерал күзөтүү кеңсесин сунушу менен уюштурулуп, Россия жана Казакстандын ортосунда келишүү натыйжасында кабыл алынган. Кабарда айтылгандай, бул келишимдин натыйжасында Россияда жасалган спирттүү ичимдиктер Казакстан территорясында эркин сатылуусу камсыздалат. Эстетип өтөбүз мурда Казакстанда Россияда жасалган алкоголь өндүрүмүнө чектөө койулган эле. Буга себеп болсо өндүрүмдөрдүн азык-түлүк коопсуздук талаптарына жооп бербегендиги болгон эле. Негизинде спирттүү ичимдиктер Казакстан тургундары үчүн гана эмес балким бүткүл адамзатка зыян жана кырсык алып келүүдө. Дүйнө боюнча жылына спиртүү ичимдиктер себептүү 2,5 миллион адамдын өмрү кыйылат. Борбордук Азия боюнча Казакстан, тургундары эң көп спирттүү ичимдик колдонуучу мамлекет эсептелет. Мунун натыйжасында жол кырсыктары, уурлук, тоноо жана башка окуялар болуп жатат. Белгилүү болгондой Россияда спирттүү ичимдиктерди соода дүкөндөрүндө сатуу катуу күзөтүүгө алынган жана спирттүү ичимдиктерге чектөөлөр коюлган. Мындан максат элди айрыкча жаш муунду бул зыяндуу өнөкөттөн токтотуп калуу. Россия өкмөтү өз элин спирттүү ичимдиктерге берилип кетүүдөн сактап калууга арекет жасап аткан убактта, Казакстан өкмөтүн спирттүү ичимдиктерге кең жол ачып берүүсүн кандай түшүнсө болот?.

Похожие видео

Показать еще