Беттеги сепкилди кетирүү үчүн пайдалуу жана зыяны жок ыкмалар | лимондун пайдасы HD
Беттеги сепкилди кетирүү үчүн пайдалуу жана зыяны жок ыкмалар көп. Алар сепкилди жок кылып, кээ бирлери жок кылбаса да агартканга жардам берет. Бирок жыйынтыгы сиз каалагандай болуш үчүн, ал ыкмаларды такай колдонуп туруу зарыл. Сепкилдин пайда болушу организмдеги меланиндин жетишсиздигинен келип чыгат, андыктан күндүн нуруна көбүрөөк жүрүп калсаңыз ал кайра пайда болушу мүмкүн. Бул жерде сепкилге каршы натыйжалуу, үй шартында жасала турган элдик рецепттерди сунуш кылабыз. Суутек кычкылы менен жасалган маска 3 аш кашык суутек кычкылына бир аш кашык лимондун ширесин кошуп аралаштырып, ага марлини малып сепкилге жабуу керек. Бул компресс бетти агартканга абдан жакшы жардам берет, бирок бетти кургатып салат. Андыктан артынан майлуу азыктандыруучу бет майды сөзсүз сүйкөө кажет. Дрождон жасалган маска 20 гр. кургак дрожду 1 чай кашык лимондун ширеси жана 1 аш кашык айран менен аралаштырып, бетке калың кылып 20 мүнөткө калтыруу керек. Керек азыктар бетке сиңгенден кийин, жылуу суу менен чайкап коюңуз. Лимондон маска Бул масканы жасаш үчүн жарым лимон жана 1 аш кашык бал керектелет. Лимонду төрткө бөлүп, ширесин сыгып аласыз. Ысык сууда балды эритип, лимондун ширесине кошуп, көздүн тегерегинен башка жакка бүт сүйкөйсүз. 20 мүнөттөн кийин жылуу суу менен жууп салыңыз. Эгер териңиз майлуу болсо, лимондун ширесине кебезди малып алып бетиңизди сүртүп койсоңуз болот. Манилүү: бул маскаларды жатаардын алдында гана колдонуу керек, ал эми эртең менен турганда сөзсүз түрдө күн нурунан коргоочу бет майларды бетиңизге сүйкөө кажет. Анткени лимондун ширеси агартуучу касиетке гана ээ болбостон, теридеги ультра сыя-көк нурларына болгон сезимталдыгын жогорулатат.