Зарна болгондо.
Зарна болгондо Зарнаны тамак сиңирүү органдарынын сезгенишинен улам, ашказанда көбөйгөн эзофагит деген тамак сиңиргич зат пайда кылат. Эзофагит өтүшкөн гастриттен жана ашказандагы жарадан улам пайда болот. Кээ бир учурда зарна, адам жеке өзү кайсы бир тамак-ашты пайдалангандан же болбосо алкоголду көп ичүүсүнөн кийин келип чыгат. Мындай зарна атайын дарыланууну талап кылбайт. Зарнаны ашказандагы негизги ооруну дарылоо менен жоюуга болот жана ашказандын маңызын калыбына келтирүүчү дарыларды ичүү зарыл. Андай дарыларга Вантер, Де-нол, ашказандагы кычкылдуулукту азайтуучу Фамотидин, Гелусил лак, Ранисан жана башка дарылар кирет. ЗАРНАДАН АРЫЛТУУЧУ ЭЛДИК ЫКМАЛАР! Оозго келген жагымсыз кескин кычкыл даам баарыбызга эле тааныш болсо керек. Анткени ар бир адам зарна илдетине жок дегенде бир жолу кабылат. Аз убакыттын ичинде арбын кыйноого салган зарнадан арылуунун жана анын алдын алуунун жолдору тууралуу бул макаладан окуй аласыз. Зарна Зарна - кызыл өңгөчтөгү, өзгөчө анын төмөнкү бөлүгүндөгү кыжылдоо сезими. Карындан кычкыл суюктук кызыл өңгөчкө өтүп кеткенде оозго жагымсыз кычкыл даам келет. Зарна ашказан маңызынын кычкылы көбөйүп же төмөндөп кеткенде, туз кислотасы такыр жок болуп кеткен учурларда байкалат. Кээде адам өз нормасынан ашыкча тоё жеп алганда же тамактанган соң сиңирбей туруп тезинен жатып алганда, ашказандын ар кандай ооруларында жана кош бойлуулукта зарна пайда болот. Зарна адатка айланган учурда эмне кылуу керек? Эгер ашказандагы кычкылдуулук бат-баттан байкалып, жагымсыздык көп болсо, анда тамактануу рационунан зарнаны чакыруучу сарымсакты, цитрус жемиштерин, кычкыл алмаларды, куурулган майлуу тамактарды, алкоголдук ичимдиктердин ичинен кызыл винону, кофени, ачуу жана ышталган азыктарды чыгарып салуу керек. Зарнанын бат-баттан пайда болуусуна жалбыз даамдуу сагыздар да өбөлгө түзөт. Зарна — кызыл өңгөчтө, айрыкча анын төмөнкү бөлүгүндө ачышуу сезими. Карындан кычкыл суюктук кызыл өңгөчкө өтүп кеткенде болот; ошондой эле кызыл өңгөчтүн өтө сезгичтиги, карындын бузулушу жана башка түрткү берет. Зарна көбүнчө карын маңызынын кычкылы көбөйүп кеткенде, кээде төмөндөп же анда туз кислотасы такыр жок учурда да байкалат.Зарна карындын ар кандай ооруларында (жара оорусу, гастрит), холецистит, боор эт чуркусунда, кош бойлуулукта, кээ бир тамак жакпаганда болот. Дарылоо негизги ооруга жараша жүргүзүлөт. Зарна ны басаңдатуу максатында ар кандай каражаттарды баш аламан колдонуу зыян келтириши мүмкүн. Ошондуктан аларды дарыгердин сунушу менен гана кабыл алып, өткүр, куурулган тамакты ичпөө керек. 5 действенных приемов, как контролировать себя во время ссоры https://youtu.be/aBamLNhVTQ4 Японцы - народ живучий. https://youtu.be/LseEIzDLwuo Польза яйца для мужчин. https://youtu.be/7O1gNkjSkgM