Зарна болгондо.
Зарна болгондо Зарнаны тамак сиңирүү органдарынын сезгенишинен улам, ашказанда көбөйгөн эзофагит деген тамак сиңиргич зат пайда кылат. Эзофагит өтүшкөн гастриттен жана ашказандагы жарадан улам пайда болот. Кээ бир учурда зарна, адам жеке өзү кайсы бир тамак-ашты пайдалангандан же болбосо алкоголду көп ичүүсүнөн кийин келип чыгат. Мындай зарна атайын дарыланууну талап кылбайт. Зарнаны ашказандагы негизги ооруну дарылоо менен жоюуга болот жана ашказандын маңызын калыбына келтирүүчү дарыларды ичүү зарыл. Андай дарыларга Вантер, Де-нол, ашказандагы кычкылдуулукту азайтуучу Фамотидин, Гелусил лак, Ранисан жана башка дарылар кирет. ЗАРНАДАН АРЫЛТУУЧУ ЭЛДИК ЫКМАЛАР! Оозго келген жагымсыз кескин кычкыл даам баарыбызга эле тааныш болсо керек. Анткени ар бир адам зарна илдетине жок дегенде бир жолу кабылат. Аз убакыттын ичинде арбын кыйноого салган зарнадан арылуунун жана анын алдын алуунун жолдору тууралуу бул макаладан окуй аласыз. Зарна Зарна - кызыл өңгөчтөгү, өзгөчө анын төмөнкү бөлүгүндөгү кыжылдоо сезими. Карындан кычкыл суюктук кызыл өңгөчкө өтүп кеткенде оозго жагымсыз кычкыл даам келет. Зарна ашказан маңызынын кычкылы көбөйүп же төмөндөп кеткенде, туз кислотасы такыр жок болуп кеткен учурларда байкалат. Кээде адам өз нормасынан ашыкча тоё жеп алганда же тамактанган соң сиңирбей туруп тезинен жатып алганда, ашказандын ар кандай ооруларында жана кош бойлуулукта зарна пайда болот. Зарна адатка айланган учурда эмне кылуу керек? Эгер ашказандагы кычкылдуулук бат-баттан байкалып, жагымсыздык көп болсо, анда тамактануу рационунан зарнаны чакыруучу сарымсакты, цитрус жемиштерин, кычкыл алмаларды, куурулган майлуу тамактарды, алкоголдук ичимдиктердин ичинен кызыл винону, кофени, ачуу жана ышталган азыктарды чыгарып салуу керек. Зарнанын бат-баттан пайда болуусуна жалбыз даамдуу сагыздар да өбөлгө түзөт. Андыктан андай сагызды колдонуудан алыс болуңуз. Ошондой эле уктаардан бир-эки саат мурун тамактанууну адатка айланткан оң. Ал эми уктаарда башыңызды кичине бийигирээк кылып чалкаңыздан жатыңыз. Зарнадан арылтуучу элдик ыкмалар Сода Сода ашказандагы кычкылдуулукту тез арада нормалдаштырып, зарнаны ылдам басат. Ал үчүн 50 грамм жылуу сууга бир чымчым ашкана содасын аралаштырып, аз-аздан ууртап баарын ичүү керек. Гречка Алгач гречканы кызарганча кууруп алуу керек. Куурулган гречканы талкан сыяктуу майдалап күнүгө бир чымчымдан 3-4 жолу жеш керек. Ошондой эле жумасына эки ирет ач карын гречка боткосун жеп туруу да зарна көйгөйүнүн алдын алат. Укроптун уругу 2 чай кашык укроптун уругун майдалап чайнап, суу менен жутуп коюу керек. Бул ыкма зарнадан 10-15 мүнөттө арылтат. Ойлон,ойлон,оо кызым (укма китеп) https://youtu.be/oXGxpO78JcU