Мирбек Атабеков - Суранамын, кечир мени (караоке) HD
"Суранамын, кечир мени" - караоке кыргызча ♫ ♫ ♫ ♫ ♫ ♫ ♫ ♫ Караоке жактыбы? Лайк басып, досторуңуздар менен бөлүшүп коюңуз! Чогу ырдайлы! ✍️ Коментарий калтырып, сунуш бериңиз! Кийинки видео кандай караоке-ырды чыгуусун каалайсыз? ♫ ♫ ♫ ♫ ♫ ♫ ♫ ♫ Сөзү: Кундуз Качкынбаева Обону: Мирбек Атабеков ♫ ♫ ♫ ♫ ♫ ♫ ♫ ♫ Текст: Азгырылып, сезим менен ойноп, айрылдым өзүңдөн, Биздин сүйүүбүздү жомок деп ойлоп. Сага жагыш үчүн издеп айла, Жалган айтып алдадым. Сени жоготуудан коркуп анда. Көрбөптүрмүн сендей жанды, Көздөрүңдө сыйкыр барбы? Көңүлүмдөн орун алдың, орун алдың... Жан дүйнөмдүн тынчын алып, Жалын болуп күйүп-жанып, кеттиң алыс! Сенсиз калдым эми жалгыз. Кайырма: Жүрөгүмдү ээлеп алдың, Бар дүйнөмө бүлүк салдың. Жалын болуп күйүп-жандым, күйүт салдың. Бакыт сен жок сезилбеди, Жүдөттүң го сезимимди. Сагынычка эзбей эми, келчи деги, Суранамын кечир мени. Алоолонуп жүрөк эзип кайра, ар дайым эсимде, Ал күндөрүм менин соолубас дайра. Эми сезимдерим издеп айла, Жалгыздыкка кезигем, сенин "сүйөм" деген сөзүң кайда? Көрбөптүрмүн сендей жанды, Көздөрүңдө сыйкыр барбы? Көңүлүмдөн орун алдың, орун алдың... Жан дүйнөмдүн тынчын алып, Жалын болуп күйүп-жанып, кеттиң алыс! Эми сенсиз калдым жалгыз. Кайырма: Жүрөгүмдү ээлеп алдың, Бар дүйнөмө бүлүк салдың. Жалын болуп күйүп-жандым, күйүт салдың. Бакыт сен жок сезилбеди, Жүдөттүң го сезимимди. Сагынычка эзбей эми, келчи деги, Суранамын кечир мени. Суранамын кечир суранамын. Кубанычым болуп, кучагыма толуп, Кайрылсаңчы, сарсанаага алдырбай. Аясаңчы мени жалгыз калтырбай, Суранамын кечир мени! ♫ ♫ ♫ ♫ ♫ ♫ ♫ ♫ Баарыңыздарга чоң рахмат! #atabekov #mirbek #мирбекатабеков #атабеков #караоке #кыргызча