КАЗАК ЭЖЕ КЫРГЫЗ ЫРЫН ЭЗИП КОЙДУ HD

01.03.2021
Достор биздин канал сизге жаккан болсо,анда лайк басып,комментарий калтырып катталганды унутпаңыз. Алдыда буйурса кызыктуу видеолор күтүп турат. АПАКЕМ Сөзү: Баян Акматов Обону: Кубаныч Алиев. Ойнотуп бизди жетелеп, Оорутпай бактың бөпөлөп. Калкалайт мээрим жамалың, Карызбыз сизге эселеп. Кайырма: Кайгымды тартың темселип, Карыздар ким бар менчелик. Жүк болгон күнүм эстесем, Жүрөгүм ооруйт өйкөлүп. Ааламды нурга бөлөйсүң, Ак көйнөк кийсең көйкөлүп. Ааламда бир да аялзат, Ажарлуу эмес сенчелик, Сулуу эмес апа сенчелик. Үмүттүн отун жандырган, Үй ичин майрам шаң кылган. Өмүргө бизди алып келген, Энелер үчүн жан курман. Кайырма Өмүрдө канча арман бар, Өзүң бар демек майрам бар. Бейиш деп сенин таманың, Белгилеп айткан пайгамбар.

Похожие видео