Алайдын Согонду айылында көмүр кенин казууга эл каршы чыкты.
Улуу Жибек Жолу дүйнө жүзүн суктандырган жол. Ал жолдун так ортосу Алай. Бул жолду биз эле эмес тарыхта калган журт башкаруучулар сыйлап келген. Бизге жаштарга, таза жаратылыш, кооз жерлер, таза аба, таза коом, улуулардын таза ой пикири, ак батасы керек. Бүгүн 10-февраль күнү Алай районунун Согонду айылындагы кире бериштеги Тайгак-Ташта эл чогулуп көмүр казуучу Бикипинг компаниясынын элден уруксатсыз орнотуп алган 2 контейнерин кайра артка кайтарып жолго салды. Бул чечимди райондун администрация башчысы аким Замирбек Сарыевич өзү баш болуп колдоду.