Кыргызстан-Казакстан: экономикалык кызматташтыктын азыркы абалы жана келечеги HD
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарында эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык кызматташтык талкуулана турган негизги маселелердин бири болмокчу. Акыркы жылдары эки тараптуу соода жүгүртүүнүн, коңшу өлкөдөн келген инвестициянын көлөмү көбөйгөнү менен, көрсөткүч дагы деле жетиштүү деңгээлде эмес дешет адистер. Кыргызстан менен Казакстан бири бирине товарлардын 50дөн ашык түрүн экспорттошот.
Похожие видео
Показать еще