Атамбаев: Казакстан менен мамиле жөнгө салынат
Атамбаев: Казакстан менен мамиле жөнгө салынат Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев кыргыз-казак чек арасындагы абал жөнгө салынат деп ишенет. Бул тууралуу президент "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өткөн пресс-конференцияда айтты. ⬇️⬇️⬇️ - Казакстан менен мамиле жөнгө салынат. Бул Аcтана үчүн да, биринчи ирет Орусия үчүн керек. Мен туура кылдым деп ойлойм. Биздин ички ишке кийлигишүүгө болбойт деген сабак бердик. 2010-жылы шайлоодо Казакстандын Коопсуздук комитетинин кеңешчиси жүрүп, ар кимге акча тараткан. Мен жакында досум, Улуу Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолукканда Евразия экономикалык биримдигинин келечеги үчүн байкоочу катары карап турган болбойт деп айттым, - деди мамлекет башчы. Алмазбек Атамбаев алты жылдык президенттик кызматка 2011-жылдын 1-декабрында киришкен. Быйыл 15-октябрдагы шайлоону жеңген Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясы 24-ноябрда өтөт. 10-октябрдан бери кыргыз-казак чек арасынан Казакстан тарапка өтүү кыйын болуп жатат. Президент маалымат жыйынында дагы эмнелерди айтты? Толугу менен AZATTYK.ORG сайтынан окуп, көрө аласыздар. Шилтемеси: https://www.azattyk.org/a/kyrgyzstan_politics_almazbek_atambaev_press_conference_2017/28863609.html