Борбор Азиянын лидерлери Чолпон-Атада эмнени талкуулашат? HD
Чолпон-Ата шаарында Борбор Азия мамлекет башчыларынын консультативдик жолугушуусу өтөт. Ага Президент Садыр Жапаров жана Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев, Тажикстандын мамлекет башчысы Эмомали Рахмон, Түркмөнстан президенти Сердар Бердымухамедов, Өзбекстан өлкө башчысы Шавкат Мирзиёев катышат. Бүгүн аталган мамлекеттердин тышкы иштер министрлери жолугуп, саммиттин күн тартибин бекитишти.