Көмүскө акча ташыгандар кербени (анонс) HD
Жылдар бою нак акча ташыгандардын түйүнү миллиондогон долларды Кыргызстандан чыгарып турган. Көмүскө акча агымы коррупцияны күчөтүп, мамлекеттик казынага зыян келтирип, адам өлүмүнө да себепчи болуп келет. Бул система кандай иштейт, ким калкалайт? “Азаттык” радиосунун, OCCRP жана “Kloop” сайтынын журналисттеринин кезектеги иликтөөсүн 4-декабрда саат 20:00дө ЭлТРден көрүңүздөр.