Миграция: Орусиянын жаңы мыйзамдары ЕАЭБ шарттарына каршы келеби? HD
Орусия федерациясында 2021-жылдын 29-декабрынан баштап өлкөгө иштегени кирген чет өлкөлүк жарандарга тиешелүү федералдык эки мыйзам күчүнө кирди. Ал мыйзамдарга ылайык чет өлкөлүк эмгек мигранттары манжа изин (дактилоскопиялык каттоо) каттатууга, сүрөткө түшүүгө, психотроптук каражатка, маңзатка көз каранды эместигин, жугуштуу оорусу жоктугун медициналык жактан күбөлөндүрүүгө милдеттүү. Бул мыйзамдар эмгек мигранттарынын укуктарын чектебейби? Жаңы мыйзамга ылайык колдонулуп жаткан чаралар Евразия Экономикалык Биримдигине мүчө мамлекеттер кабыл алган шарттарга канчалык шайкеш келет? Мигранттардын укуктарына арналган “арай көз чарай” талкуубузда ушул жана башка суроолорго жооп издейбиз. _ Биздин сайт - https://www.azattyk.org/ Instagram - https://www.instagram.com/azattyk.kg/ https://www.instagram.com/azattykmedia/ Фейсбук - https://www.facebook.com/azattyk.org https://www.facebook.com/azattyk Ютуб - https://www.youtube.com/channel/UCs_x... Телеграм - https://telegram.me/Azattyk_radiosu https://t.me/azattykrus