Сырткы мекендештер: ЕАЭБдеги алгачкы жеңилдиктер
Евразия экономикалык биримдиги темасын улантсак, бул уюмга кирүү менен мигранттарга бир кыйла жеңилдиктер болоору талашсыз. А түгүл уюмга кирүүгө декабрдын аягында кол койгондон бери, алгачкы жеңилдиктерди биздин сырттагы мекендештер сезе башташты. Россия жаны жылдан бери мигранттарга жаңы тартиптерди киргизгенден бери, ал жактан өз өлкөлөрүнө кетип жаткан мигранттар миңдеп саналат. Бирок, Кыргызстандан тескерисинче Орусияга иштегени кеткендердин аягы тыйылган жок. Себеби жогоруда айтылгандай биздин мекендештер патент алуу системасы менен гана иштеп жатат. Орусия башка өлкөлөрдүн жарандарын сырткы паспорт менен гана киргизип жатса, биздикилер ID-паспорттору менен мурдагыдай эле киришүүдө. Ошондой эле ар 90 күн сайын документтерди узартуу деген маселелерден арылышты. Бул ЕАЭБдеги алгачкы гана жеңилдиктер. Май айында толук кандуу уюмдун мүчөсү болсок, патент системасы да жоюлуп, эркин жумушка орношо ала турган шарттар түзүлмөкчү. Бирок, Орусияда акыркы күндөрү рублдын баасы түшүп жатканы биздин мекендештердин капчыгына сокку болду. Ал гана эмес, акыркы айларда Кыргызстанга мигранттар тарабынан акча которуулар да азайганы аныкталды. Натыйжада Орусиянын ички маселеси бизди капталдап өткөн жок. Бирок айта кетиш керек, рубльдын куну түшкөну, доллардын көтөрүлгөнү деле биздин мигранттарды токтоткон жок. Биздин мекендештер Орусияга тынбай ары бери каттап жатканын транспорт байланышынан эле байкаса болот. Поезд, Автобусту эске албаганда, жумасына Оштон үч, Бишкектен 4 рейс самолет Орусияга учуп жатат. Орусиядагы миграциялык жаңы эрежелер, жана бул мыйзамдар Кыргызстандык мигранттарга канчалык таасирин тийгизип жатат. Миграция ЕАЭБге чейин жана андан кийин Бурулай Пусурманкулованын материалында: