Жаңылыктар | 15.03.2022 | Ташиевдин кылмыш ишинин чоо-жайы HD
Украинада абал оор бойдон калууда. Орусия аскерлерине каршы салгылаштар өлкөнүн түндүгүндө, чыгышында жана түштүк-чыгышында жүрүп жатат. Ал арада Орусиянын өзүндө согушка каршы чыккандарды кармоо улантууда. Ырасмий Бишкектин өз аскерлерин Украинага жөнөтүү планы жок экенин бүгүн 15-мартта Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов билдирди. Ал "азыр кийлигишүүгө себеп да, план да жок экенин" айтты. Жогорку Кеңештин депутаты Шайырбек Ташиевге козголгон кылмыш иши кыскарды. Ал бийликти күч менен басып алууга чакырык жасады деп айыпталып келген. #Ташиев #Украина #Азаттык _ Биздин сайт - https://www.azattyk.org/ Instagram - https://www.instagram.com/azattyk.kg/ https://www.instagram.com/azattykmedia/ Фейсбук - https://www.facebook.com/azattyk.org https://www.facebook.com/azattyk Ютуб - https://www.youtube.com/channel/UCs_xNajKMU60fbeIhcxStoA Телеграм - https://telegram.me/Azattyk_radiosu https://t.me/azattykrus
Похожие видео
Показать еще