Мен бүгүн ыйлап турам, жанымды кыйнап турам кыргызым сага өкүнүп.. кыргыз -деп айткым келбей ачуумду көөдөнүмдө жыйнап турам.. баарыңды тилдегим бар, мен да сөгүп.. ызаамды мээңе куюп уудай төгүп, айткым бар, бирок айтпайм.. анткени кыргызымсың, сыйлап турам. Көлкүлдөп ыйлап турам келечек тебеленип бүткөнүнө, дүйнөмдү кыйнап турам бир баатыр баардыгына түткөнүнө, ачуумду муштумума жыйнап турам, салаалап ошол ачуум.. ыйлап турат, санаамды Садырым -деп, кыйнап турат. Кордоду.... коргоочуну басмачы -деп, белине сызды төшөп кыйнап улам, кессе да кекиртегин, күрөштү.. туйлап улам, канжалап кесилсе да денелери эрк, күчүн муштумуна жыйнап улам. Элим -деп, мекеним -деп.. акыры чындыгыма жетемин -деп өмүрүн сайып коюп улут үчүн, каалады келечектин бурулушун, жеңбесем... -өлүп деле кетемин -деп! Бүркүтүң тебеледи кузгундарың Аларды ээрчип баарың мактадың, жагалдандың.. көөдөнү сокурларга дагы алдандың келбети адам сымал.. колдодуң камандарды, Кошулуп талагыла мекенимди саткыла кымбатын да бекери
одноклассники