*Апакемдин алмасы* HD
АПАКЕМДИН АЛМАСЫ "Амансыңбы, айланайын кичинем, Алаксытып койбодумбу ишиңен. Эмне берип жиберейин" дегенде- Мээримиңиз керек деймин ичимен. Күйпөлөктөп кыйшык байлап жоолугун, Күндө эстеп жатса керек жооругум. Дүйнөдөгү таттуулардын ичинен, Наныңыздын даамын таппай оорудум. Салганыныз келди жарып булутту, Сезимиме чачылгандай тунук суу. Өмүрүмдү узарчуудай сезилди, Өрүк кагы, таза балы, куруту. Сагынычтан көтөрүлүп кан басым, Суудай ууртап жуткум келди жармасын. Апакемдин тийген үчүн колдору, Айылымдын жуубай жедим алмасын. Кыргыздардын тийген үчүн колдору, Кыргыздардын жуубай жедим алмасын... Мелис Маматжанов
Похожие видео
Показать еще