Жашоо

28.05.2018
ЖАШОО Жер үстүн кезип күн көрүп жүрөм, Жалын жаштыкты түн бөлүп сүрөм. Жалгыз баш нени көрбөйт жалганда, Жашашты дале үйрөнүп жүрөм… Балдай ширин кез өткөнүн билип, Баратам мезгил көйнөгүн кийип. Кайрылбай кеткен балалык кезим, Каректе жашап, өлмөйүн бийик. Убакыт баарын сездирип салдың, Узак жол басып эс кирип калдым. Балыктай көлдө эркиндигимди, Турмуш тузактап кеч билип калдым. Адашып багыт билбеген жүрөт, Таш болуп катыйт сүйбөгөн жүрөк. Нур чачып жаша биз барбыз бүгүн, А эртеңибиз сүйлөгөн сүрөт… Акбар Кубанычбеков

Похожие видео

Показать еще