Бердянскиликтер: Россия менен бирге бейпил жашоо каалайбыз HD
Запорожье облусундагы Бердянск калаасынын жашоочулары тынчтык орногон, жаратмандык коштогон жашоого умтулуп, буга каалоосу күч. Шаар мэри Александр Сауленко жаңы жашоо Россиянын кириши менен кошо келип жатат деген пикирин билдирди. Украина тараптын чагымчылыгына карабай аскердик-жарандык администрациянын өкүлдөрү Бердянскинин жашоочуларына жакшы шарт түзүп берүү үчүн иштеп жатат. Цитата "Ар кыл чагымдардан соң Бердянскинин жашоочуларынын арасында, тескерисинче, аларга Россия керектиги тууралуу ишеним өсүүдө. Аткаминерлердин көбү өздөрүн тобокелге салып, жергиликтүү элди жакшы жашоо менен камсыздаш үчүн ишин улантып жатат", — деди ал. Эске салсак, буга чейин Бердянск калаасынын коменданты Артем Бардиндин автоунаасы диверсанттар тарабынан жардырылган.
Похожие видео
Показать еще