Орусияда терракка айыпталган Кыргызстандык чындыкты айтып берди HD
Москва аймактык аскер соту Петербург метросундагы террактын иши боюнча Кыргызстандык 31 жаштагы Акрам Азимовдун көрсөтмөсүн укту. Ал Москвадан жашыруун чыгарылып кеткени, тергөө комитетиндеги официалдуу сурак алдында төрт күндүк кыйноолор жана инструкция берилгени тууралуу айтып берген. 2017-жылдын 19-апрелде ФСБ Азимовду Москванын аялдамасында кармалган видеосун жарыялаган. Аны Түркия аркылуу каржылык жардам алган жанкечти Акборжан Жалиловдун иш аракетине катышы бар деп тааныштырышкан. Көпчүлүк интернет колдонуучулар Азимовдун андай ишке барышы мүмкүн эмес, анын кармалышы атайын жасалган иш деп билдирүүлөрдү калтырышкан. Анткени Азимов кармоо учурунда өзүн абдан токтоо алып жүргөн, бул иштин болоорун алдын-ала билгендей болгон. Азимов көрсөтмө учурунда Орусияга 2012-жылы биринчи жолу келип Кыргызстанга каттап турганын айткан. Андан сырткары 2017-жылдын март айында Орусиядан чыгып Кыргызстанга барып ооруканага жатканын кошумчалаган. Үч күндөн кийин, 15-апрелде палатага эки киши кирип келип фамилиямды сурап, колумду бурап ооруканадан алып чыгып кетишти. Акча жок эле мага билет алышты. Москвага конгондо эки формачан жана бир жөнөкөй кийинген киши келишти. Жашыруун эшик аркылуу алып чыгышты.Колумду кайрып, башыма капюшон кийгизишип 7 кишилик кара унаа менен алып жөнөштү. Мен “эмне болуп атат?” деп сурадым. Алар “үн чыгарба” дешти.-деп билдирди Азимов өз көрсөтмөсүндө. Аны бир нече күн ар кандай маалыматтарды айтып, мойнуна күнөөнү коюу менен алектенишкен.