Жээнбековго Россиядагы мекендештердин атынан кайрылуу!
Жээнбековго Россиядагы мекендештердин атынан кайрылуу! Акыйкат Калыс Маалымат Каналга кошулуңуз! Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбековго Россия Федерациясындагы мигранттардын атынан Кайрылуу Урматтуу, Сооронбай Шарипович, мекенибизде жумуш орундары жоктугунан 20 жылдан бери бөтөн жерде жашап, иштеп келебиз. Мигранттардын Россияга агылуусунун себеби - бийликтин бардык бутактарындагы коррупциянын гүлдөшү жана коррупционерлердин жазаланбашы экени Кыргызстандын эларалык рейтингдеринен белгилүү болууда. Биз мекенибизден алыс жүрсөк дагы бардык окуяларга, саясий же социалдык болобу көз салып, кубанып кээде кайгырып турабыз. Биздин мекенибиздин тагдыры-сиздин да биздин да тагдыр эмеспи. Акыркы учурдагы саясий окуялар, анын ичинде элге чындыкты жеткирип келген журналисттерге, сөз эркиндигине болгон массалык куугунтук сизге кайрылууга мажбур кылды. Тарыхыбызда кыргыз аялдары дайыма маанилүү орунду ээлеп келген жана улутубузду сактап калган аз эмес саясий чечимдерди кабыл алган. Бабаларыбыз да аял-затынына өзгөчө орун берүүнү үйрөткөн. Акыркы учурда жаш журналист, мекендешибиз Эльнура Алканованын өлкөдөгү коррупциялык схемаларды ачыктаган көптөгөн материалдары көңүлүбүздү бурду. 2017-жылы августта Алканованын иликтөөсү менен Чехиялык шылуун компания Лигласс-Трейдинг тууралуу билдик. Жыйынтыгында өкмөт өзү түзгөн келишимди бир тараптуу жокко чыгарды, демек Алканованын иликтөөлөрү туура чыкты. Көп узабай Кыргызстанда дагы бир улутташтырылган мүлктүн шектүү менчиктештирилиши ачыкталды. Мамлекетке пайдасыз жол менен кантип мамлекеттин мүлкүн менчиктештирүүнүн мыйзамдуу жолдору бар экенин Алканова көрсөтүп берди. Бирок, бүгүн коррупцияга тийешеси болушу мүмкүн болгон кызматтарды аркалаган адамдар жоопко тартылуунун ордуна, аны айтып чыккан,көптөгөн журналисттик иликтөөнүн автору Алкановага айып тагылып, ал 5 жылга эркинен ажырашы мүмкүн болуп турат. Биз сизди журналист Алканованын бардык конституциялык укугун бузган укук коргоо органдарынынын мыйзамсыз аракеттерине көңүл бурууга чакырууга мажбурбуз. Алканованын ар бир иликтөөсү ар дайым коомчулукта резонанс жаратып келген. Журналисттик иликтөө-журналистикадагы эң татаал жанры эмеспи. Журналист күрөшүп жаткан коррупция менен күрөштү бийликтеги айрым адамдар колдобосу белгилүү болуп калды. Урматтуу, Сооронбай Шарипович, чындыкты айтуудан коркпогон саясатчылар,жарандар жана журналисттер элдин жашоосунун жакшырышына салымын кошот. Сөз эркиндиги-жаркын келечектин ачкычы. Журналист Эльнура Алканова жана башка журналисттерге карата жүрүп жаткан соттук куугунтукту токтотууга саясий эркиңизди көрсөтөт деп тилек кылабыз.