Көк арт айылы.Классташтар 1981ж. Жолугалы Жоолугуга классташтар келгиле, Чер жазалы табийгатка эркелеп, Көздөн учту айылымдын ак таңы, Туулган жерге баралычы эртелеп. Убакыттар өтүп мына билинбей, Отуз жети жашка толдук биз дагы. Өмүр деген түш сыяктуу көз ирмем, Өтүнсөк да кайра келбейт турбайбы. Баарыңарды жолугуга чакырам, Барлашалы балалыкты эскерип. Билим алган алтын уя мектебим, Дайым турат жүрөгүмдө эстелип. Кайдасыңар классташтар курбулар, Көңүлүмдө жашайсыңар баарыңар. Бул өмүргө келебиз да кетебиз, Жолугалы акча байлык табылар. М.О.Токонбаевич.

21.02.2017

Похожие видео