#САЙТ КАБАР 23.03.2020 | Вирустун эл биле элек жаңы симптому айтылды HD

23.03.2020
#ОшТВ | http://oshtv.kg/ Официальный сайт ТРК "ОшТВ" Подписывайтесь на канал ставьте лайки +18 | Сайт кабар https://www.youtube.com/channel/UCJNunORLe0Q6BOvUKZYIsug #САЙТ КАБАР 23.03.2020 | Вирустун эл биле элек жаңы симптому айтылды Коронавирустун эл биле элек жаңы симптому айтылды Коронавирустун бир эле белгиси пайда болушу мүмкүн — адам жыт сезбей калат. Бул тууралуу Британиядагы оториноларингология ассоциациясынан билдиришкенин "Известия" жазды. Адистердин айтымында, мындай симптом COVID-19 илдетине кабылгандардын көпчүлүгүнөн байкалган. Дарыгерлер Түндүк Корея, Кытай, Италия жана Германиядагы бейтаптардын маалыматтарын изилдеп чыгышкан. Натыйжада ооругандардын көбү жарым-жартылай же толугу менен жыт сезбей калганы аныкталган. "Жыт сезбей калуу коронавирустун жападан жалгыз симптому дагы болуп калышы мүмкүн. Мында адамдын дене табы көтөрүлүп, жөтөлбөйт", — дешти адистер Окумуштуулар жыт сезбей калган адамдарды жети күндүк карантинге жөнөтүү сунушун берип жатышат. Акыркы маалыматтар боюнча, дүйнөдө 266 миңден ашык адам вирусту жуктуруп алса, алардын 11 миңи көз жумду.

Похожие видео