Ааламга толуп турган, Ардагым болуп турган, Ар дайым коруп турган, Асылым менин апам… Дүйнөгө толуп турган, Дүнүйөм болуп турган, Душмандан коруп турган, Дүңгүрөк менин апам… Деңиздей толуп турган, Деңгээлим болуп турган, Дем берип коруп турган, Демим ал менин апам… Башыма толуп турган, Бакытым болуп турган, Башкадан коруп турган, Бактылуу менин апам… Жаныма толуп турган, Жалыным болуп турган, Жамандан коруп турган, Жүрөгүм менин апам…
одноклассники