Аида Салянова менен Мыктыбек Арстанбек. Эфир: 28.01.16ж.
"Кайчы Пикир" программасында жубайлар никеге турганга чейин расмий катоодон өтүүсүн милдеттендирген мыйзам долбоору талкууга алынды. Депутаттар сунуштап жаткан мыйзамда -расмий нике күбөлүгү жок жубайларга нике кыйган молдолорду 3 -5 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.