ШИРКТИН НЕГИЗИН КЕСКЕН ЭКИ АЯТТЫ БИЛИП АЛЫҢЫЗ!!! Мээрбек Келсинбек
Каналга катталып, башкалар менен бөлүшүп, сооп ишке шерик болуңуз! Сабаа сүрөөсү 22-23 аят Сабакты mp3 үлгүсүндө жүктөп алуу үчүн https://t.me/Meerbek_Kelsinbek/129 22. (О, Мухаммад! Мушриктерге) айткын: «Аллаhтан башка өзүңөр (кудай деп) ойлогон нерселерге дуба кылгылачы?! (Жок!) алар асмандардагы жана жердеги кыпындай нерсеге да кожоюн эмес! Алар үчүн асмандар менен жерде (кыпындай) шериктик да жок жардамчылык да жок! (Бардыгын жалгыз Аллаhтын Өзү жараткан). 23. Анын (Аллаhтын) алдында шапаат пайда бербейт. Бир гана Аллаh уруксат берген адамдарга гана (пайда берет). Качан гана алардын (мушриктердин) жүрөктөрүнөн коркунуч (бир аз) кетип, (өздөрүнө келгенде): «Раббиңер эмне деди?»-дешет. «Акыйкатты (айтты)»-дешет алар. 7 Жана Ал - эң Жогору, Улук! _ Телеграм https://t.me/Meerbek_Kelsinbek instagram https://www.instagram.com/islamjolu _ Мээрбек Келсинбек «Ислам жолу» сайтынын жетекчиси . Билим алган жолу : 2003 – 2005 ж. « Али ибн Абу Толиб» медресе 2005 – 2007 ж. Кыргыз Араб факульетти (КАФ) 2007 – 2009 ж. Египет Аль Азхар университети 2009 – 2012 ж. Кыргыз Араб факультети (КАФ) 2018 – 2020 ж. Египет, Субкил ахад «Фуркан» марказы, Белгилүү Шейх Мухаммад Саид Ряслан حفظه الله мечитинде сабак алган. #ширк #саба_22_23