Кыргыз Брюс-Лиси Нурмухаммад теннисте пинг-понг тобу менен 1 мүнөттө 42 жолу уруп, рекорд жаратты HD

26.11.2020
Кыргыздын Брюс Лиси деген атка конгон жалал-абаддык Нурмухаммад Ташмаматов теннис столунда пинг-понг тобун 1 мүнөттө 42 жолу уруп, рекорд ээси болду. Тактап айтканда, «Интеррекорд» уюмунун эл аралык рекоддор китебине кирди. Алдыда Гиннестин рекорддор китебине киргизиси келет. Ал стол үстүндөгү теннис тобун теннис ракеткасы менен эмес, нунчак аркылуу уруу ыкмасына басым жасап жатат. Бул ыкма менен өлкөдө эмес, дүйнөдө ойногондор жок дейт 10 жаштагы өспүрүмдүн атасы Асылбек Ормонов. Голливуд жылдызына айланууну кыялданган өспүрүмдүн ийгилигине аймактык кабарчы да күбө болуп келди. Толугу менен http://www.turmush.kg/news:418479

Похожие видео