“Акыркы кезде күйүүчү майдын баасы кескин жогорулап, коомчулуктун нааразычылыгын жаратып жатат. Кыргызстан Бажы биримдигине киргенден тартып Россия күйүүчү майга болгон кошумча бажы төлөмдөрүн жойгон. Бирок, күн санап бензиндин баасы тынымсыз көтөрүлүп жатканы түшүнүксүз болууда”. Мындай оюн “Өнүгүү-Прогресс” парламенттик фракциясынын депутаты Алтынбек Жунус уулу Жогорку Кеңеш Премьер министрдин 2017-жылдагы отчетун карап жаткан пленардык жыйында айтып, өкмөттү бул тармакты көзөмөлдөөгө чакырды.

14.06.2018

Похожие видео