Бишкекте кытайлык манасчы, Кыргыз Эл Баатыры Жусуп Мамайга эстелик ачылды HD
Бүгүн, 11-июнда Бишкектеги Кыргыз улуттук филармониясынын алдындагы "Манас" комплексинде кытайлык кыргыз манасчы, Кыргыз Эл Баатыры Жусуп Мамайга эстелик ачылды. Маалымдама: Жусуп Мамай өз өмүрүндө оригиналдуу баяндалган «Манас» эпосунун 16 томун чыгарган. Үчилтиктин башкы каармандарынын жашоосун сүрөттөөдөн тышкары Жусуп Мамай Манастын Семетей жана Сейтектен кийин жашаган урпактарынын жашоосу тууралуу айтып берген. Мындан тышкары анын демилгеси менен манасчылар мектеби ачылып, ал окуучуларына нечендеген жылдар бою топтогон чыгармачыл жана руханий тажрыйбасын, бардык билимин берүүгө аракет кылган. Эпосту жайылтуудагы көрүнүктүү салымы үчүн манасчы Жусуп Мамай I даражадагы Манас ордени менен сыйланып, «Кыргыз Республикасынын Эл Баатыры» наамы ыйгарылган. Булак: KyrgyzToday.kg