Эч кандай жаңжал болгон эмес.

28.08.2021
Кечээ кечинде Бишкек шаарында 32 жаштагы айдоочу Милициянын кайгуул кызматынын инспекторунун тапанчасынан каза болгон. Кийинчерээк Бишкек ШИИБ окуя боюнча маалымат таратып, айдоочунун инспектор менен жаңжалдашып, документин кызматкерге таштап коюп кеткенин, бир аз убакыт өткөндөн кийин айдоочу кайра кайтып келип, урушуп, Кайгуул милициясынын инспекторуна басым жасай баштаганын, андан соң күч колдонуу менен милиционердин табелдик тапанчасын алууга аракет кылганын, дал ошол маалда кокусунан куралдан ок чыгып, айдоочуга тийгенин, натыйжада ал каза болуп калганын билдирген эле. Окуя боюнча айдоочунун жубайы үн катып, окуя такыр башкача өңүттө болгонун айтып чыкты. Анын айтымында, экөөнүн ортосунда кайым-айтыш эле болгон, ал тапанча талашкан эмес. «Мечиттен намаздан чыккам. Мен баарын өз көзүм менен көрдүм. Анын кызматкерге кол салып, тапанча талашканынын баары жалган. Ал жерде кайым-айтыш эле болгон. Тапанчасын талашкан эмес. Кайым-айтышуудан эле инспектор тапанчасы менен атып салды. Аткандан кийин жолдошум жыгылды. Алар ага жардам бербестен «эмне үчүн атып салдың? өзүңдү кармабайт белең» деп сүйлөшүп жатышты. Жолдошум бүт канга боёлуп калганда мен тез жардам чакыргыла деп кыйкырып жаттым»,- деди ал.

Похожие видео

Показать еще