Кытайларга каршы митингдин уюштуруучусу кармалды \\ Апрель ТВ
Кыргызстандагы кытай жарандары боюнча бийликтин саясатына ичи чыкпаган адамдар бүгүн "Ала Тоо" аянтына чогулушту. Нараазычылык акциясын жүзгө чукул адам баштап берсе, кечке жуук алардын саны миңден ашканы айтылды. Митинг кимдир бирөө тарабынан уюштурулуп, лидери жок болгондуктан, аягы башаламан болуп кетти. Чогулган элдин негизги талаптарынын бири - кытай жарандарына кыргыз атуулдугун бербөө болуп саналат.