Кыргыз бийлери... кара жорго.mp4

28.02.2014
Кара жорго кыргыздардын бийи - Эртерээк далилдерди таап аныктап албаса дайыма интернетте кыргыз-казак кайым айтышууларына күбө болуп келебиз. Аны коюп кечээ жакында Бишкекте эле "Атлас" деген кафенин казак администратору "Кара жорго" ырдагандарды күчкө салып киргизбей койгондоруна күбө болдум. Жалпы коомчулук бул маселеге көңүл бурбасак, бир убакта "Анжиян полькасы" бийин тарттырып жибергендей "Кара жоргону" да тарттырып ийебиз. - "Анжиян полькасын" ким кимден тартып алды эле? - Бул бий Кыргызстанда жаралган. Аны Зиябидин Шокиров деген бирєє оштук кыргыздардын "ойно, бийле, жырга, бийле" деген ырынан алып туруп ошондой аранжировкага салып койгон. Бул чыгарма алгач "Оштук жигиттердин бийи" деп аталган. Ушул чыгармачыл топ алгачкы концертин Анжиянда бергендиги үчүн гана бул бий эл арасында "Анжиян полькасы" деп аталып калган. Мына бүгүнкү күнгө чейин бул чыгарма "Оштук жигиттердин бийи" деп патенттелип турат. Ишенбесеңер изилдеп көргүлө. Ал кишинин балдары азыр Кыргызстанда жашайт. Патент ошолордун колунда. Андыктан өзүбүздүн колдогу алтындарды барктап албасак, бирөөлөр тартып алышы мүмкүн экенин айткым келет.

Похожие видео

Показать еще