Бисквит кантип жасалат? Классический бисквит // Бисквит для торта. HD

17.11.2020
#бисквит #даамдуутамактар #классическийбисквит #кыргызчарецепттер Бисквит кантип жасалат? Салам достор! Даамдуу тамактар каналына кош келиңиздер! Бүгүнкү видеодо классикалык бисквиттин жасалышы жөнүндө болмокчу Көп азыкты талап кылбаган, бирок кылдаттык мамилени талап кылат, видеону аягына чейин көрүп, жакса, пайдалуу болсо лайк басканды үйрөнөбүз достор мен үчүн абдан маанилүү. Суроолор, сунуштар болсо комментарийге жазыңыздар Каналыма каттала элек болсоңуз сөзсүз катталып коюңуздар, алдыда көптөгөн пайдалуу рецепттер болот буйруса Бисквит үчүн керектүү азыктар: ✓ Жумуртка 5 даана ✓ Кумшекер 180 гр. ✓ Ун 180-200 гр. ✓ Разрыхлииель 5 гр. ✅ Эленген унга разрыхлительди кошуп жакшылап аралаштырабыз. ✅ Жумуртканы агы менен сарысына бөлүп алабыз. ✅ Жумуртканын агын миксердин жардамы менен бир аз көбүрүп чыкканча чалабыз, кумшекерди себелеп кошуп, миксердин ылдамдыгын бир аз көбөйтүп 5-7 мүнөт тынбастан чалабыз. ✅ Жумуртканын агы көбүрүп, көлөмү 2-3 эсе көбөйүп чыкканда сарысын бирден кошуп, жай ылдамдыкта жөн гана аралаштырабыз. ✅ Кургак азыктарды жумурткага эки болуп кошуп, силикон аралаштыргычы менен этияттык менен ылдыйдан өйдөнү көздөй аралаштырабыз. ✅ Шакекче форманын алдына фолга төшөп, четтерин бекитип, камырды куябыз. ✅ Духовканы алдын ала ыссытып 170 градуска 30-35 мүнөттөй бышырабыз. ✅ Алгачкы 25 мүнөт дузовканын оозун такыр ачпайбыз. ✅ Бышакын жыгач таякча менен текшеребиз, ортосуна сайганда кургак чыгыш керек. ✅ Даяр бисквитти салафанга ороп 5-6 саат муздаткычка коюп койсоңуз жакшы болот. Классический бисквит // Бисквит для торта Мой инстаграм: https://www.instagram.com/daamduu.tamaktar/

Похожие видео

Показать еще