Мадумаров чек ара боюнча чукул жыйын өткөрдү ТОЛУК ВИДЕО
#ЭркинМаалымат #Мадумаров #саясат «Бүтүн Кыргызстан» партиясы быйыл боло турган парламенттик шайлоого катышуу ниетинде. Ал маалымат жыйында суроолорго жооп берип жатып, сайсий уюмдун съезд өткөрө турганын айтты. Анда депутаттыкка талапкерлердин тизмеси түзүлөт. Форумдун өтө турган күнү Жогорку Кеңешке шайлоо датасы расмий жарыялангандан кийин белгилүү болот. Партиялык тизмени Адахан Мадумаров өзү жетектейт.“Биз сөзсүз, шайлоого барабыз. Биздин съезддер шайлоо күнү белгиленгенден кийин өтө баштайт. Ал эми кайсы бир партия биз менен биригүүгө кызыкдар болсо, биз ачыкпыз. Бирок “биригүү” деген көзгө өтө кылдат карап калганбыз. Биригүүнүн алдында башка, биригип иш жүрүп жатканда башкача өзгөрүп кеткендерден абайлоо керек. Бул үчүн шайлоодогу мыйзамдар иштеши зарыл. Жалпысынан биздин партияда 110 миң мүчө бар. Парламенттик шайлоо – коомду таразага салат, канчалык туруктуу, канчалык аң сезими өнүккөндүгүнөн кабар берет”, – деди Мадумаров.