Россияда камакта отурган Мекендештерге пайдалуу маалымат. HD

22.09.2018
Россияда соттун өкүмүнүн негизинде камакта отурган Мекендештер аз эмес. Ошол Мекендештерге жана алардын жакын туугандарына пайдалуу маалымат катары тарткан видео тасмам. Кайрылуу жолдору: 1. Чет мамлекетте камакта жургон мекендештин чет мамлекеттин Баш прокуроруна, жаза тартып жаткан мекеме аркылуу кайрылуусу; 2. Кыргызстанда жашап жаткан жакын туугандары, Кыргызстандын Баш прокурору аркылуу, жаза тартып жаткан мамлекеттин Баш прокуроруна кайрылуусу; Кайрылып жаткандагы суранычы, төмөнкүдөй маалыматтардын болушу талап кылынган: 1. Жаза тартып жүргөн Мекендештин аты жөнү (фамилия, имя, отчество, дата и место рождения); 2. Жарандыгы жөнүндө маалымат; 3. Жазага тартылган Кылмыш кодексинин беренесинин тексти, ошол беренин жаза берген мамлекеттин кылмыш кодексине ылайык эркинен ажыратуу жазасынын аныктысын тактаган маалыматы; 4. Жаза тартып жаткан мекендештин макулдугу; Ошондой эле, кайрылууга төмөнкүдөй документтердин тиркелиши милдеттүү: А) жаза тартып жаткан Мекендештин сот айыптоочу өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргендиги жөнүндө маалымат; Б) жазага тартылган Кылмыш кодексинин беренесинин тексти; В) жазанын өтөлө элек бөлүгү туралуу кыйла документи, ошондой эле андан ары өтөөдөн тийиш болгон жазанын аныкталышы; Г) кошумча жаза дайындалса, ошол жазаны аткаруу жөнүндө документ; Д) жаза тартып жаткан мекендештин ден соолугуна жана жүрүм-турум абалы жөнүндө маалыматтар; Е) келтирилген зыяндын ордун толтуруу жана анын чоо-жайы; Жана ошондой эле, эгерде Сот окуму чыгарган мамлекеттин Баш прокурору кошумча документтерди сурап алууга укугу бар.

Похожие видео

Показать еще