Жогорку Кеңеште Арстан Алайга чара көрүү маселеси кайра көтөрүлдү

24.10.2019
Жогорку Кеңеште Арстан Алай деген ат менен белгилүү Арстанбек Абдылдаевдин билдирүүлөрүнө чара көрүү маселеси кайрадан көтөрүлдү. Депутат Тазабек Икрамов Арстан Алайдын «Кудаймын» деген билдирүүсүнө Дин иштер боюнча мамлекеттик комиссия тезинен чара көрүшү керек экенин билдирди: - «Мен Кудаймын» деп чыгып, «Кудай жок» деп басма сөз жыйынын өткөрүп жатат. Ушуга Дин иштери боюнча агенттик тез аранын ичинде чара көрүшү керек. Эмне үчүн даваатка тыюу салынат да, ушуга окшогон кишилерге чара көрүлбөйт? Арстанбек Абдылдаев 2011-2017-жылдары эки жолу президенттик шайлоого талапкерлигин көрсөткөндөн кийин коомчулукка кеңири таанылган. Жакында анын билдирүүлөрү боюнча маселе парламентте көтөрүлүп, андан соң Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы Абдылдаевге карата Кылмыш-жаза кодексинин 313-беренеси («Расалык, улуттук, диний же аймак аралык кастыкты козутуу») боюнча кылмыш ишин козгогон болчу. Анын айрым тарапкерлери буга нааразылыгын билдирип чыгышкан. https://www.azattyk.org/a/30233542.html

Похожие видео