Кара-Сууда 11-класстын окуучусу турмуш шартынын оордугунан, мектепти аяктабай турмушка чыкты HD
Кара-Суу районуна караштуу Катта Талдык айыл өкмөтүндө 11-класстын окуучусу турмушка чыкты . Кыздын чоң энеси 10-классты аяктай электе “неберемди сырттан окутам” деп тил казып мектептен чыгарып алган. Бул тууралуу кыздын эжекеси Чолпон Кадырбаева билдирди. Анын айтымында кыз кичинекейинде атасынан ажыраса, кийин да апасы таштап башка үй бүлө куруп кетет. Ал 10- классты аяктап жатканда үйүндөгү шарттын оордугуна байланыштуу мектепке убагында келе албай жүргөн.