Еврокомисиянын төрагасы Жан-Клод Юнкер: Кыргызстан эли – улуу улут
Бүгүн, 12-апрелде Сооронбай Жээнбеков менен Еврокомиссиянын төрагасы Жан-Клод Юнкер жолугушту. “Сооронбай Жээнбековдун чакыруусу менен мен Кыргызстанга барып, бул кереметтүү өлкөнү өз көзүм менен көрөйүн деген ниеттемин. Мен Кыргызстандагы процесстерге көптөн бери көз салып жүрөм, бул өлкөдөн үйрөнчү нерселер бар экендигине терең ишенем”, - деп белгиледи Жан-Клод Юнкер. Ал Кыргызстан элине карата жеке жакшы мамилеси бар экендигин баса белгиледи. “Кыргызстан эли – улуу улут. Европа ар дайым Кыргызстандын жана анын элинин бардык демилгелерине колдоо көрсөтөт”, - деп билдирди Жан-Клод Юнкер.