КТМУда салттуу спорттук оюндар өттү HD

23.04.2019
"Салбуурун" кыргыз элинде Манас атабыздан бери келе жаткан улуу мурас болуп эсептелинет. Күз келип, аңчылык башталганда айылдан ат жалын тартып мингенге жараган эркектер чогулуп, колуна куш кондуруп, жанына тайган ээрчитип, санына саадак байлап бир нече күнгө алыска аңчылыкка чыгышкан. Азыркы учурда Салбуурун салттуу спорттун бир түрүнө айланган. 18-апрель күнү КТМУнун жаңы спорттук аянтчасында Кыргыз Республикасынын Салбуурун Федерациясы жана Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин салттуу оюн жана спорт илим изилдөө борбору тарабынан салттуу спорттук оюндардын кичи фестивалы болуп өттү.

Похожие видео

Показать еще