Кыргыздын азыгына, маданиятына кызыккан арабдар. Эр-Рияддагы көргөзмөдөн видео HD

01.03.2022
Сауд Аравиянын Эр-Рияд шаарындагы Digital City көп функционалдуу комплексинин аймагында Кыргызстандын продукциясынын көргөзмө-жарманкеси болуп өттү. Сауд Аравиядагы элчи Улукбек Марипов иш-чаранын кызыктуу учурларын чагылдырган видеону жүктөгөн. Жарманке Кыргызстандын ата мекендик продукцияларын илгерилетүү, Сауд Аравиянын бизнес-чөйрөсүнөн инвестиция тартуу жана биргелешкен ишканаларды түзүү үчүн уюштурулган. "Биздин мекендештерибиз туризм тармагындагы фото жана видеоматериалдарды, ошондой эле башка азыктарын, буюмдарын жана кызматтарын көрсөтүү менен саудиялыктарга республиканын туристтик потенциалы менен мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтө алды", — деп жазды Марипов. Ал мындай иш-чаралар өлкө маданиятын жайылтып, кыргыз-сауд кызматташтыгынын потенциалын ача алат деген ишенимин билдирген.

Похожие видео