Москва: Кыйналгандар жана чыйралгандар HD
"Москва. Аял эгиз төрөдү. Кесарево менен. Курсагын кармап алып басып жүрөт. Балдары жатат. Роддомдогулар саат 5ке чейин алып кетпесеңер балдар үйүнө берип салабыз дешти. Күйөөсүн издедик. Анан кыздардын бири амалга салып, "мени тааныдыңызбы? Айлык алдым, кафеге келбейсизби?" деп чалды. Антсе тиги күйөөсү гүл көтөрүп жетип келбеспи. Дароо кармадык. Анан баарын Кыргызстанга жеткирип келдик..." Бул Москвадагы бир эле тагдырдын кыска баяны. Кыргызстанга барганда эмне болгонун да айтып берет. Бул документалдык фильм Россияга барып кыйналган жана чыйралган айымдарыбыз тууралуу. Эң кызыктуусу аялдардын абалын жигиттер - режиссер Токтобек Үсөнов терең ачып берген. Оператору Болсунбек Таалайбек. Продюсерлер: Токтобек Үсөнов, Болсунбек Таалайбек уулу
Похожие видео
Показать еще