Москвада канализацияны тазалап жаткан эки кыргызстандык каза болду HD

08.08.2022
Москва шаарынын түштүк-чыгышындагы коллектордогу сууга агып кеткен 3 жумушчунун сөөгү табылды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн маалымат булактары жазды. Коллектор - шаардагы жаман суу агып кете турган негизги түтүк. Окуя 7-августта Люблино районунда болгон. 13 жумушчу суу түтүгүн тазалап жатышкан. Алар шахтага түшкөндө катуу жаан жаап баштаган жана айрымдарын суу агызып кеткен. 5 жумушчу коллектордон өз күчү менен чыкса, 5 адамды куткаруучулар алып чыгышкан. Ал эми 3 жумушчу дайынсыз жоголгон. Каза болгон 3 жумушчунун экөө Кыргызстандын, бирөө Тажикстандын жараны болгон.

Похожие видео