Ачык асман алдындагы кинотеатр
Кыргызстанда ачык асман алдында кино көрсөткөн долбоор башталууда. Демилгечиси - Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин студенти Мелис Абдибаитов. Мелис Абдибаитовдун демилгесин BARGEC старт-ап компаниясы жана "Кыргызфильмофонд" мамлекеттик ишканасы колдоду. Бүгүн кечинде алгачкы тасма Бишкектеги "Асанбай" паркында, 25-26-июнда "Ататүрк" паркында, андан кийин "Ала-Тоо" аянтанда көрсөтүлөт. 3-июлдан 22-августка чейин Open air cinema Кыргызстандын бардык облусун кыдырып чыгат. Демилгечилердин айтымында, ар бир шаарда ар башка, бирок адамды жакшылыкка үндөгөн, жагымдуу маанай тартуулаган тасмалар тартууланат. Originally published at - http://www.azattyk.org/media/video/27094692.html